Акыркы күндөрү аябай ыза болуп жүрөм
Акыркы күндөрү аябай ыза болуп жүрөм. Эмнеге экенин өзүм дагы билбейм. Ар ким менен урушам, бир кичинекей нерсеге жиним келип мушташууга чейин барып, өзүмдү араң кармайм. Кээде атам менен уруша кетип үйгө барбай койгон күндөрүм болот. Эртең менен турганымда өзүмдөн-өзүм нерв болуп, бирөөнү сабап салсам эс алып калчудай болом.
Айгүл Ысыкеева
психолог
Бул жерде абдан катуу агрессия көрүнүп турат. Ошол себептен ар ким менен урушасыз, атаңыз менен кайым айтышуулар, таарынычтар болот. Алгач сиз эмне үчүн терс эмоцияңызды башкара албай жатканыңызды изилдөөңүз абзел. Эмнеге мындай кырдаалга туш болдум? Ким же эмне себеп болду? деген суроолорго жооп табыңыз. Сиздин абал оор. Бул абалдан чыкпасаңыз, өзүңүздү кармай албай бирөөгө же өзүңүзгө зыян алып келишиңиз мүмкүн. Көп кылмыштар дагы дал ушундай учурларда болот. Андыктан сиз психологго кайрылыңыз.