Жигитим нерв болсо жер менен тамды ургулап калат
Жигитим нерв болсо жер ургулап, телефонун сындырып, там чапкылап калат. Мурда мындай эмес болчу. Өзү токтоо жүрөт, мага ушундай кылыктарымды таштаганга жардам берчи, кылып салып кайра өкүнчү болдум дейт. Бизге жардам бериңиздерчи?
Айгүл Ысыкеева
психолог
Кыз-жигит мамилесинде кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп жатабы? Эгер болбосо анда жигиттин жеке же үй-бүлөлүк жашоосунда кыйынчылыктар бар. Көпчүлүк жаштардын мындай абалга туш болуп калышына бала кезиндеги трагедиялуу, жүрөгүндө өчпөс болуп калган окуялар себеп болот. Же болбосо азыркы учурда болуп жаткан кыйынчылыктар дагы мисал боло алат. Ушул себептерден улам жигит өзүнүн ичиндеги терс эмоцияны сиз жазгандай образ менен чыгарып жатат.
Мындай кырдаалда эмне кылуу керек?
Адамда кандай гана кырдаал болбосун өзүнө өзү гана жардам бере алат. Андыктан өзү аракет жасап, эмне себептен бул кадамга барып жатканын анализдөөсү кажет. Бул образ менен кимге эмнени билдиргиси же айткысы келээрин тапсын.
- Жигит “эмнеге” деген суроонун жардамын менен маселенин түйүнүн тапса болот. Мисалы: “Эмнеге мен жинденем?” деген суроону берсин, бул суроого “анткени мен нерв болом” деп жооп бериши мүмкүн. Анда “эмне себептен нерв болом” деген суроого жооп издесин. Мындай суроого “кимдир бирөөгө капамын, таарынам же түшүнгүм келбейт” деп жооп кылаар. Кайра бул жоопко дагы суроо туулат, улам суроого жооп берүү менен маселенин себеби аныкталат.
- Кимдир бирөө менен ичинде болуп жаткан эмоция, агрессия менен бөлүшсүн. Мисалы сүйлөшкөн кызы менен бөлүшкөндөй ата-энеси же жакын досу менен.
- Кырдаал жеңилдебей оорлоп кете берсе психологго кайрылуу керек.