Уят кино жана видеолорду көрүү күнөөбү?
Уят кинолорду, видеолорду көрүү адаттка айланып бара жатат. Бул күнөө эмеспи жана кантип арылсам болот?
Улан Усупов
теолог
Күнөө болуп эсептелет, болгондо да “көздүн зынаасы” деп аталат. Биринчиден, мунун күнөө экенин түшүнүп, тообо кылып экинчи кылбоого аракет кылыңыз. Экинчиден, ыйманды бекемдей турган даарат алуу, намаз окуу, орозо кармоо, дуба кылуу, Куран окуу, зикир чалуу сыяктуу ибадаттарга бекемирээк болгонуңуз жакшы болот. Үчүнчүдөн, ыймандуу чөйрөңүз болушу шарт, башкача айтканда ыймандуу инсандар менен чогуу болуңуз. Куранда: "Зынаага жакындабагыла!" деген Аллах Тааланын буйругу бар, "зынаа кылбагыла" деген жок, зынаага жакындатуучу нерселерди карабагыла, аларга жолобогула деп тыйган. Андыктан, ойлонуп, сизди буза турган, күнөөгө башыңызды мала турган, ыйманыңызга доо кетирип, арты өкүнүч боло турган нерселерден абайлаңыз жана сактаныңыз.