Жакшы келинчек издейм
32 жаштамын. 5 жыл мурун келинчегим менен ажырашкам. Кызым бар, апасынын жанында. Андан бери бир нече кыздар менен тааныштым. Жакшы кызга жолугам, бирок тагдырыма жазылганбы билбейм ата-энелери каршы болуп чыгат. Ар кимдин тагдыры ар башка экен. Мисалы жакшы кыз-келин издейин дейм, эч жолуга албадым. Ата-энемди сүйүнтүп келиндүү кылгым келет. Үй-бүлөм жакшы турат, өзүм дагы жакшы жумушта иштейм. Айтып коюшат эмеспи, жакшы адамга жолуккуң келсе, эч кимге жамандык кылба деп. Сиздерден кеңеш күтөм.
Ильдар Акбутин
Психолог
Көп учурда ажырашуу менен аяктаган ийгиликсиз үй-бүлө тажрыйбасынан кийин, адамдарда коркуу сезими пайда болот. Жыйынтыгында бул сезим жаңы мамиле куруу аракеттеринин баарын аң сезимдүү кылып же аны жокко чыгарып, адамдар өздөрүнө талапкерлер татыктуу эмес деп же башка себептерди ойлоп табышат. Жаш кезиңизде көргөн ата-энеңиздин бири-бирине болгон мамиле модели үй-бүлө курууда көп таасир берет. Эгерде ата-энеңиздин мамилесинде көп кыйынчылктар болгон болсо коркуу сезими күчөйт. Ошондой эле сиз ата-энеңизди кубантуу үчүн үйгө келин алып келгиңиз келип жатыптыр. Эгерде алар тараптан белгилүү бир басым болуп жатса бул дагы сизди кабатырлантып, жубай тандоодо коркуу сезимдерин күчөтөт. Андыктан кайсы себептер тынчыңызды алып жатканын билип, аны чечүүгө аракет кылуу керек. Колуңуздан келбей жатса, психологго кайрылыңыз. Ошондой эле өзүңүз айткандй сиз жакшы жубай издеп жатыптырсыз, бул оңой эмес, көп эмгекти талап кылат. Сизге сабырдуулук жана максатыңызга жетүү үчүн тырышчаактыкты каалайм!