Тишимдин эттери шишип жатат
2018.04.12, 12:43
1504
Азыркы маалда чет өлкөдө эмгектенем, жакынкы аралыктан бери тишимдин эттери шишип жатат. Кандай чара колдонсом болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2018, 12:58
Рысбек Бекишов
стоматолог
Сиздин тишиңиздин абалы кандай? Эгер оорукчан (курт) тишиңиздин эти шишип жаткан болсо, ириңдеп кетиши ыктымал. Бул учурда тиш доктурга кайрылсаңыз тазалап берет. Эгер тишиңиздин абалы жакшы болуп туруп эле эттери шишип жаткан болсо шалфей, ромашка чөптөрү менен ооз көңдөйлөрүңүздү чайкаңыз жана атайын тиш пастасын (дента, лесной бальзам ж.б) алып жууңуз.
0
Пайдалуу жооп