Жыныстык кыным чоң
Жашым 20 да, мындан 3 ай мурун турмушка чыккам. Жолдошум жыныс кынымдын чоң экендигин айтып түйшөлтөт, турмушка чыкканча жыныстык катнашка барган эмесмин. Денем өтө эле назик болгондуктан жыныс кыным чоңбу деп дагы ойлонуп калам. Жыныс кыны эмнеге чоң болушу мүмкүн жана кантип кичирейтсе болот?
Бактыгүл Муратова
гинеколог
Жыныс кынынын чоң болушу жаратылыштан. Сиз денем өтө эле жумшак дегениңизге караганда жыныс булчуңдарыңыз дагы алсыз. Дарыгер-гинекологго кайрылсаңыз атайын кичирейтүүчү көнүүгүлөрдү айтып берет. Дарыканага барсаңыз жыныс кынын кичирейтүүчү атайын таякчалар (палочка) бар, жолдошуңуз менен кошулаарда колдонсоңуз жардамын берет. Бирок, бул убактылуу гана, андыктан атайын көнүгүүлөрдү жасасаңыз жардамы жогору болот.