Түнкүсүн көп сүйлөнөм
2018.04.11, 13:52
1063
Мен түнкүсүн сүйлөнө берем. Молдого окутсам дагы бул адаттан арылган жокмун. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.04.2018, 13:55
Гүлсана Бапаева
терапевт
Түнкүсүн сүйлөнүү адамдын өзүнө бир топ психологиялык ыңгайсыздык жаратат, анысы аз келгенсип айланасындагы уктап жаткан адамдарга дагы тоскоолдук кылат. Сомнилоквия – бул адамдын уктап жаткан учурда эч нерсени сезбей сүйлөнүүсү, толук кандуу уйкунун бузулушу. Медициналык көйгөй деп айтса дагы болот. Себеби адамдын ичиндеги курттар түнкүсүн сүйлөнүүгө өбөлгө болот. Мындан сырткары күндүзгү стресс болуу жана терс эмоциялар. Дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп