Дарыгер болгум келет
Быйыл 11-классты бүтөм. Медицина жагына тапшырайын дейм. Бирок ЖРТдан химияны тандаган эмесмин. Негизги тест жана биологияны эле тандагам. Мен медицина жагына өтө аламбы
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256 токтому менен бекитилген «Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жождоруна абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө Жобонун» негизинде ЖРТда милдеттүү түрдө кошумча сабактардан тесттер көрсөтүлгөн даярдоо багыттары менен адистиктердин тизмесине ылайык медицина тармагына тапшырууну чечкен абитуренттер сөзсүз түрдө негизги тест, кошумчадан химия жана биологиядан тест тапшырышы керек болот. Эгерде химия предметин тандаган эмес болсонуз, анда ЖРТга дагы бир ирээт каттоо жүргүзүлөт. Ошол маалда кайра тандап алсаңыз болот. Мектептен мугалимдер кабар бериши керек.