// //

Апам экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болот

2018.04.10, 16:39
1417

Менин жашым 17 де. Кээде апам экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.04.2018, 16:43

Гүлмира Молдокулова

психолог

Мындай көрүнүш көпчүлүк эне менен кыздын ортосунда кездешет. Эне эрезеге жете элек ар бир баласы үчүн эң жакын адам болгондуктан, балдары ага таянып өсөт. Бирок бала бой жеткенде өз алдынча болууну самап, эненин камкордугунан алыстоону каалайт. Бой жетип, өз алдынча боло баштаса да эне үчүн бала дагы эле кичинкей сезилип, аны дайыма коргоого алгандыктан, пикир келишпестик туулат. Эненин дагы кыздын дагы өзүнүн оюу болот жана аны билдирүүгө акысы бар. Ал эми ошо ойду билдирүүдө туура  кабыл алып, чындап ар бир ойго кызыгуу менен мамиле кылуу кажет. Ортодогу болуп өткөн таарынычтарды ачык сүйлөшүп, кечиримдүү боло билүү маанилүү. Эгер ортодогу мамиле аябай оорлошуп кетсе психологдон жардам алса болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт