Кыз-жигит болуу сунушун кантип айтам?
Дос кызыма кыз-жигит болуу сунушун айтуудан уялып жатам.
Гүлмира Молдокулова
психолог
Сиздин дос кызыңызга сезимиңиз чындап эле барбы аны тактап билип алууңуз керек. Анан албетте дос кызыңыздын жигити бар, жогун билиңиз. Кыз-жигит болуу сунушун түз эле айтпай, ал сөздү кыйытуу түрүндө же мамиле аркылуу билдириңиз. Башкалардан өзгөчө мамиле кылыңыз, жолугушууга, кино көрүп келүүгө, бирге сейилдөөгө чакырыңыз. Жогорудагы сунуштарды аткаруу менен бирге жакшы көрөөрүңүздү нейтралдуу формада билдириңиз. Мисалы: “сен мага жагасың, сени менен мага убакыт өткөргөн кызыктуу, сени көпкө көрбөй калсам бир нерсени жоготкондой болом, улам-улам эсиме келип турасың” деп. Анан кызда сизге болгон көңүлү болсо, жакшы жооп ала аласыз.