Балам түнкүсүн сүйлөнөт
Уулум 5-класста окуйт. Айылда чон энесинин колунда жүргөнүнө бир жыл болуп калды. Жакшы окуйт. Бирок кээде түнкүсүн сүйлөнүп, ыйлап чыгат экен. Себебин билсек болобу?
Ирина Василенко
Невролог
Түнкүсүн уктап жатып сүйлөнүүнүн бир канча себептери бар. Биринчи кезекте стресс, бир күн ичинде балага катуу таасир берген терс жана оң эмоциялар, сезимдер болгондо. Балдардын нерв түзүмү жакшы калыптана электигинен алар бардык окуяларды жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Эгерде балаңызда неврологиялык реакциялар жок болсо, анда кабатырланып, дарыгерге алып барып, дары берүүнүн кереги жок. Болгону уктаар алдында балага жагымдуу шарт түзүп бериңиздер, бөлмөсү салкын, уктап жаткан жери ыңгайлуу болсун. Көп сейилдесин, урушпаңыздар. Эгерде уктап жатып, сүйлөгөндө кызарып, тердеп, бакырып, ыйласа тезинен неврологго алып барыңыздар. Ошондой эле бир айда канча жолу сүйлөнүп жатат, бир-эки эле сөз сүйлөйбү же кечке сүйлөп туруп алабы, түшүнүктүү сүйлөйбү, болгон окуя жөнүндө сүйлөйбү же фантазияга алдырабы байкоо жүргүзүңүздөр.