Кызымдын колтугу жагымсыз жыттанат
Кызым 2-класста окуйт. Көкүрөк бези чыга элек, кичинекей кыз. Тердеген кезде колтугу жагымсыз жыттанып жатат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Жаңыл Мусамбетова
Педиатр
Кыздар жетиле баштаганда, болжолдуу түрдө 7 жашынан тартып гормондору жаңыдан түзүлөт. Бул өзгөрүүлөр сыртынан байкалбайт, баары ичте жүрөт. Бир-эки жылдан кийин дененин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан тер чыгаруучу бездери иштей баштайт. Дал ушул бездер баланы тер жыттандырат. Кызыңыздын колтугу кадимки тердин жытындай жыттанса, анда кабатыр болбой эле коюңуз. Күн сайын жуунтуп туруңуз. Атайын дезодоранттар, шалфейдин жалбырактары менен жууңуз. Тер жытынын дагы түрлөрү болот. Өтө жагымсыз же ацетон сыяктуу ачуу болуп жыттанса анда коркунучу бар. Ошондой эле колтук алдында грибок пайда болгондо жагымсыз жыттанат. Сиз кызыңызды дермотологго алып барып, сөзсүз бир ирээт текшертиңиз.