Жанымды кыйгым келе берет
Мен 20 жаштамын өзүм кичинекеймин. Боюм 1.63 см сөзгө анча деле жокмун аз сүйлөйм. Боюм кичине болгону үчүн адамдар шылдыңдайт, мыскылдайт, тоготушпайт. Эмнеге экенин билбейм бирок тез-тез эле өзүмдү өлтүргүм келе берет. Азыр мага баары бир болуп калды, жашоо кызыксыз эч нерсеге көңүлүм жок. Эмне кылсам болот?
Арсланбек Камчыбеков
профайлер
Жаш досум! Элибизде айтылып жүргөндөй: “Сакадай бою - сары алтын”, “теректей болгон бой бергенче теменедей акыл берсин”- деген не бир сонун сөздөр бар эмеспи. Кеп эч качан адамдын боюнда, анын узун, кыскасында болбойт! Тарыхты карасак улуу инсандар; Наполеон, Суворов, Ленин өңдүү адамдар бойлору кичинекей болгону менен жазаган ишмердүүлүгү менен ысымдары алтын тамгалар менен жазылып калган! Билим, интеллект жагынан алдыда болуш керек, эл арасында жакшы сөзгө калыш керек! Физиология жана психология жагынан бою кичинекей адамдардын интеллекти жогору болот, ички дүйнөсү кенен, бай инсандар болуп чыгышат! Жашоо кыска, ар бир убакытты өзүңдү өзгөртүүгө, интеллектиңди, руханий байлыгынды топтоп, көбөйтүш керек досум! Боюм кичинекей деп, Кудайга нааразы болуп, жанымдан кечет элем деген, бул эркектик жүрүш-турушка жатпайт, сени Жараткан улуу иштерге таптап даярдаган, чэгингенге айоо жок!