Ичимде курт бар экен
Мен анализ тапшырсам ичимде лямблия курту бар деп чыкты. Өзүм тамак жесем дагы арыкмын. Эмне кылсам болот?
Гулнара Бейшеналиева
Терапевт
Сиз лямблиоз — ичке ичегиде, өт баштыкчасында лямблия митеси аркылуу козголгон ооруга чалдыгыпсыз. Адамга лямблия цистасы булганган тамак-аш, кир суу, кол жана башкалар аркылуу жугат. Лямблия ичеги карынга өтүп кетсе ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Сиз сөзсүз анализдериңизди алып дарыгерге барыңыз. Сизди бир ирээт толук текшерип, анан дарылоо курсун жазып берет. Өөрчүтүп албаңыз. Диетага олтуруп, жашылча-жемиш, кайнатылган тамак-аш колдонуңуз. Ооруну убагында дарылаш керек. Сөзсүз түрдө гигиенаны сактаңыз. Бул абдан маанилүү. Эгерде улам создуктуруп жүрө берсеңиз, өтүшүп кетип, хирургиялык операция жасоого мажбур болосуз.