// //

Үйүбүздү туугандарыбыз бербей жатышат

2018.04.08, 18:21
1259

Үйүбүздү туугандарыбыз бербей жатышат. Мурун соттошуп алганбыз. Бирок жарымын гана бизге жаздырып, жердин документи болсо өздөрүндө жазылуу бойдон калыптыр. Ошону эми толук бизге жаздырып бергиле деп айтсак болбой жатышат. Үйүбүздү сатыкка койгонбуз, бирок кардарлар келгенде, жанагы жарым документке такалып калышууда. Ошентип үй да өтпөй, тигилер да бербей, орто жолдо батирлеп жүрөбүз. Сураныч ушул маселени, кандай жол менен чечсек болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2018, 18:24

Нурислам Раимжанов

Юрист

Сиздин сурооңузда тактала турган бир канча маселелер бар экен. Сиз соттун чечими менен үйдү өзүбүзгө өткөрүп алганбыз деп жатасыз. Сот үйүңүздүн канча бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча чечим чыгарган? Документтериңизди толук кароо керек. Туугандарыңызды үйдүн жарымын өткөрүп алышты деп жатасыз. Эгер ал үй сиздерге таандык болсо, кандай жолдор менен өткөрүп алышты? Мыйзамсыз жолдор менен өздөрүнө өткөрүп алса, чечимди жокко чыгаруу үчүн кайрадан сотко арыз менен кайрылуу керек. Сиз редакциядан менин байланыш телефонумду алып, документтериңизди толук жиберсеңиз гана жооп ачык-айкын болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт