Мен романтик эмесмин
Сүйлөшкөн кызым менин романтик эместигимди айтып, дайыма нааразы болот. Мен болсо эмне кылаарымды билбейм, кеңеш бериңиздерчи.
Гүлмира Молдокулова
психолог
Романтик болуу үчүн кам көрүүнү, көңүл бурууну жана өзгөчө фантизияга ээ болууну үйрөнүү керек. Мындан сырткары романтиктер өзүнүн сезимин күтүлбөгөн жерден өзгөчө билдирүүнүн жолун таба билүүсү кажет.
Кантип романтик болсо болот?
Ойдон чыгарылган белектерди тартуулоо. Гүл менен таттууларды белек кылуу кадимки эле көрүнүштөрдүн бири десек дагы жаңылышпайбыз. Романтик болуу үчүн сүйүктүү адамга өзгөчө аракет жана идея менен белек тартуулоого аракет жумшоо абзел. Ар бир адамдын жеке оюу жана жеке кызыкчылыктары болот. Ошондуктан алгач сүйүктүүңүздүн эмнеге кызыгаарын билип алыңыз. Эгер спорт сүйүүчүсү болсо, спорттук кийим, сүйүктүү командасынын сүрөтү чагылдырылган футболка, сувенир жана спорттук оюндарга билет. Балким сүйүктүүңүз китеп сүйүүчүсү, анда автордун кол тамгасы коюлган китеп же жаңы китептердин ачылышына чакыруу кагазын тартууласаңыз өзгөчө сезимдерди чакырат.
Жактырган адамыңызды өзгөчө идея менен жолугушууга чакырыңыз. Жолугушууну кадимки эле көрүнүш менен өткөрбөстөн аны эсте калаарлык кылып өткөрүүгө аракет кылыңыз. Мисал үчүн тоого кичинекей пикникти уюштуруңуз. Велосипед менен парк же шаар аралап чыгууга, ат мингенди үйрөтүүгө, суу жээгинде сейилдөө сунушун киргизиңиз.
СМС аркылуу жагымдуу сөздөрду жөнөтүү. Жакшы көргөн адамга жок эле дегенде бир күндө бир жолу жагымдуу сөздөрдү айтып же смс аркылуу жөнөтүп туруңуз. Мисалы: мага сени менен бирге болуу көңүлдүү, сен абдан сулуусуң, жагымдуусуң жана башка.
Мына ушуларды аткарып көрүңүз мүмкүн сүйлөшкөн кызыңыздын сизге болгон оюу өзгөрт чыгаар.