// //

Мен өзүмдү бактысыз сезем

2018.04.06, 12:30
1813

Мен 15 жаштамын. Мектепте мени классташтарым түшүнбөйт, сүйлөшкүлөрү келбейт, кээде жүрөккө тийчү сөздөрдү айтышат. Үй-бүлөдө кыйынчылыктар бар. Өзүм уялчаак жана жалтаңмын, оюмдагыны айта албайм жана өзүмдү бактысыз сезем. Мындай абалдан кантип арылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2018, 12:37

Гүлмира Молдокулова

психолог

Көбүнчө бала кичинекей кезинде ата-эне жактан көп сын укса, катуу көзөмөлдө болсо, дайыма эскертүү менен жүрсө мунун баары коркунучту пайда кылып, тегерегиндегилерге ишенимин жоготуп уялчаактыгын пайда кылат. Буга кошумча адамдын өзүнөн көбүрөөк терс сапаттарды көрүүсү, өзүн өзү баалоосунун төмөн болушу дагы мисал боло алат. Бул учурда кишилер ойлот, башка кишилер мен жөнүндө мендей болуп ойлойт деп алардын сынынан коркуп калат, бирок мындай болушу мүмкун эмес.

Ойлонуп уялчаактыктын себебин издеп көр, кандай кырдаалда өзүңдү бактысыз, ишенимсиз сезесиң. Ал кандай көрүнүштө болот, кызарасыңбы, колдоруң калтырап кетеби, көзүңдү ала качып түз карай албай каласыңбы. Эң негизгиси өзүңө болгон баалоону көтөр. Бир кагазга жаз, идеалдуу кыз (бала) кандай болушу кажет, кандай сапаттарга ээ болуусу керек, жанына эле өзүңдүн кандай сапаттарың бар ошолорду жаз. Жок сапаттарга кандай кылса алар пайда болот, эмне кылуу абзел, кантип иш алып баруу керек экендигин ойлон. Азыр сен киши өзүн өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгү бар курактасың, аракет кылсаң өзгөрүп кетесиң. Көп китеп оку, азыркы учурда көп маалыматтар бар. Алар менен кабардар болуп өзгөрүүгө кадам ташта.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт