// //

Акча талап кылып жатышат

2018.04.06, 11:35
1194

Мен жумуштан 14 -декабрда бошоп кеткем, буйрук чыккан. 3 ай өткөндөн кийин “сенин карточкаңа ашыкча 4000 сом которуп салыптырбыз, төлө” деп чалышты. Бул ишке ким күнөлүү, ким жооп бериши керек? Карточкамды банк кулпулап салды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2018, 11:40

Нурислам Раимжанов

Юрист

Бул ишке түздөн-түз сиз иштеген ишкананын эсепчиси күнөлүү. Ал эми, 4000 миң сомду кайтаруу масалесине токтолсок, акчаны кайтарып берүү тартиби, жол-жобосу бар. Кээ бир учурда ашыкча төлөнгөн акча кайтарылып берилбейт. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 160-беренесинде “Иш берүүчү кызматкерге ашыкча төлөгөн, анын ичинде мыйзамды туура эмес колдонуудан ашыкча төлөнгөн эмгек акы туура эмес эсептелгенден башка учурларда андан кармалып калышы мүмкүн эмес” деп көрсөтүлгөн. Эгерде эсепчи мыйзамды туура эмес колдонуп сизге ашыкча акча берсе анда бул акча кайтарылбайт. Ал эми, туура эмес эсептелип төлөнгөн күндөн кийин 1 айдан кечиктирбестен эмгек акыдан кармап калуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Ушул көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт өтүп кеткенден кийин кармап калуу сот тартибинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Сизде эмне кылсам болот деген суроо жаралса, анда төмөндөгүчө иш жүргүзүңүз:

  1. Сиз мурда иштеген жеринизден, жумуштан бошогонго чейинки үч айга болгон эмгек эсебиңизди алыныз.
  2. Иштеп жүргөн учурда (2017-жылдын 14-декабрына чейин) эмгек өргүүгө чыккан айыңызды жана күнүнүздү тактаңыз.
  3. 2017-жылдын декабрь айына сизге канча эмгек акы эсептелгендигин жана колдонулбаган эмгек өргүүгө компенсация төлөнгөндүгү же төлөнбөгөндүгү боюнча маалыматтарды тактаңыз.

Бул жагдайларды тактоо менен гана сиз эсеп туура же туура эмес жүргүзүлгөндүгүн биле аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт