Жан дүйнөнүн жалгыздыгы
Өзү менен өзү сүйлөшүү жана ички дүйнөнүн жалгыз болуп калуусунун себеби эмнеде?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Адамдардын өзү менен өзү сүйлөшүүсү жалгыздыктын белгиси. Кээ бир учурларда кимдир бирөө менен баарлашууну жана көңүл бурдурууну каалайсың, бирок сизге көңүл буруучу адам жок болот. Өзү менен өзү сүйлөшкөндөр жашоосунда аз сүйлөгөн адамдар. Андыктан бул нормалдуу көрүнүш. Мындай кишилерге айланасындагылар менен мамиле түзүүнүн, баарлашуунун кереги жок. Алар өзүнүн ички дүйнөсүн сактап, коргоп бөлөктү жеке жашоосуна киргизбейт. Көйгөйдүн көбүн кырдаалга жараша өзүнүн башында ойлонуп, себебин жана келечегин чечип алат. Сүйлөшүү монолог түрүндө болгондуктан ойлордун дайыма иретте болгонуна жардам берет. Мындай суроо бергениңизге караганда, бул суроо сизди тынчсызданууга алып келет. Андыктан дарыгерге же психологго кайрылып жардам алсаңыз дурус болмокчу. Эгер өспүрүм куракта болсоңуз ата-энеңизге айтып кеңеш алганыңыз оң.