Тиштерим сары
Мен тишимди күндө жууп турам. Бирок сары бойдон тура берет. Бул эмне себептен болот?
Айзада Тагайбекова
Стоматолог
Тиштин саргыч тартып калышы тамак-аштан жана туура эмес жууп, тазалагандан болот. Таттууну көп жегендердин, кофе, чай, кока-кола сыяктуу зыяндуу, алкоголдук ичимдиктерди көп ичкендердин жана албетте чылым чеккендердин тиши саргаят. Ошондой эле ичеги карындарда бузуулулар бар болсо, ичип жаткан сууңуздун курамында фтор көп өлчөмдө болсо тиш саргаят. Үй шартында агартуунун бир канча ыкмалары бар, бирок кесипкөйдөн кеңеш албай туруп өз алдынча аны жасоо коркунучтуу. Жарнамаларда көрсөтүлүп жаткан сыйкырдуу агартуучу каражаттарды дагы колдонуудан сак болуңуздар. Сиз стоматологго кайрылыңыз.