Өтө арыкмын
27 жаштамын. Эч бир семире албай койдум. Футболка кийгенден уялам. Анаболикалык стероид колдонсом болобу?
Гульнара Абдрахманова
Диетолог
Сиз боюңуз канча сантиметр, салмагыңыз канча килограмм экенин толук жазбаптырсыз. Мурун кандай салмакта элеңиз, ата-энеңиз кандай адамдар, алар толукпу же арыкпы? Мүмкүн ошолорду тартып калгандарсыз. Генетиканы дагы эске алууну унутпайлы. Мүмкүн сиздин салмагыңыздын азайып кетишине лямблиоз, эхинококоз же ашказан оорулары таасир берип жаткандыр. Ошондуктан диетологго же эндокринологго анализдерди тапшырып, жыйынтыгы нормалдуу чыкса гана салмак кошууну баштаңыз. Спорт менен машыгып, балансталган тамактануу режимине өтүңүз. Жыйынтыгы тез эле болуп калат деп ойлобоңуз. Бир аз күтүү керек болот. Анаболикалык стероиддерди дарыгердин көзөмөлү менен гана колдонууга болот. Бирок бул заттар абдан зыян, адамдын психикасына доо кетирип, тукумсуздукка, ракка алып келет. Бул жагын дагы эске алыңыз.