Студенттер мени кошпойт
Азыр 3-курстун студентимин. Бюджеттик негизде окуйм. Группам менен жакшы келише албай жатам. Ошого байланыштуу башка окуу жайга тапшырайын дегем. Ушунчалык кыйналып кеттим, өзүмдүн өмүрүмө кол салгым келет, ата-энемди ойлосом жүрөгүм эзилип кете жаздайт. Акыркы күндөрү жан дүйнөмдү кара туман каптагандай болуп жатат. Баары эле мага күлгөндөй сезиле берет. Кандай айла тапсам болот?
Тамара Воронцова
Психолог
Адамдар менен тил табыша билүү-жашоодогу эң негизги нерсе. Жумушта, карьера курууда жана үй-бүлөдө бул нерсенин жардамы тиет. Күйөңүз, анын туугандары жана балдарыңыз менен жакшы мамиле түзө билгенди, кошуналарыңыз, досторуңуз менен тил табыша алганды билүү абдан маанилүү. Өкүнүчтүүсү бул маанилүү нерсени эч жерде окутуп, үйрөтпөйт. Сиз өзүңүз мектепте курбуларыңыз менен кандай мамиледе болгондугуңузду анализдеп чыгыңыз. Туугандарыңыз менен кандай байланыштасыз? Эмне себептен тайпалаштарыңыз менен мамилеңиз ушунчалык жаман болуп, башка ЖОЖ которулуп жатасыз? Себеби эмнеде? Жаңы окуу жайдан тайпалаштарыңыз менен мамилеңиз жакшы болооруна кепилдик барбы?
Өзүңүзгө төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
- Уруш-талаштын, сизге негативдүү мамиленин себеби эмнеде?
- Сиз эмнени туура эмес жасадыңыз?
- Мындай абалга келбөө үчүн эмне кылуу керек эле?
- Эгерде дагы бир ирээт кайталанса, эмне кыласыз?
- Эгерде тайпалаштарыңыздын сизге болгон мамилесинде олуттуу бир себеби жок болсо, алар менен мамилени оңдоого ар дайым кеч эмес, үйрөнүп, колдонсо болот.
- Эгерде колуңуздан келбей жатса, анда психологго кайрылыңыз.
- Бул абдан маанилүү. Себеби компромисс таба билүүдөн, сиздин келечек жашооңуз көз каранды.
- Үйрөнүп, баарын оңдоого ар дайым мүмкүн.
Мен сиздин абал жакшырып, досторуңуз, курбуларыңыз пайда болооруна ишенем. Баарлашуусу жок адам жалгыз жашай албайт. Баары өз колуңузда, сизге ийгилик каалайм.