// //

Мейманканада болгон окуя

2018.04.18, 17:06
13864

Алыстан жаңы шаарга келген бир киши, мейманкага түнөп калат. Кечкисин бөлмөсүндө уктап жатып, кошуна номерде бирөө ары-бери басып жүргөнүн угуп, ойгонуп кетет. Кадамдардын үнү барган сайын күчөп, ачуусуна тие баштайт. Уктай албай, чыдамы кетип коридорго чыгат. Үндөр угулуп жаткан  номердин эшигин тыкылдатат. Кадамдардын үнү тык токтойт, бирок эшикти эч ким ачпайт. Ошол маалда киши эңкейип, кулпунун тешигинен бөлмөнүн ичин караса төрдө бою узун, териси аппак аял артын карап турганын көрөт. Чакырса карабай коет. Айласы кетип кайра бөлмөсүнө кайтып келет. Кызыгы ошондон кийин кадамдардын үнү угулбай калат.

Эртең менен кечинде болгон окуяны эстеп ойго батат. Кызык эмнеге аял бурчта турду? Эмнеге чакырса карабай койду? Айтылуу бөлмөнүн жанынан өтүп бара жатып, карамана албай кетип, ичин дагы бир ирет караса эч нерсе көрүнбөй коет. Эч ким карабасын дегенби айтоор, ичинен кулпунун тешигин кыпкызыл бир нерсе менен жаап коюшуптур.

Ылдыйга түшүп, мейманканын администраторуна түндө болгон окуяны айтат. Таң калыштуусу администратор кабатырланып “ичине кирген жоксузбу” деп сурайт. Жок деген жоопту уккандан кийин өзүнө келип:

- Сизди башка бөлмөгө жайгаштыралы дегенбиз. Бирок баары бош эмес болгондуктан, бир түнгө эч нерсе болбойт деп ойлогонбуз. Иштин чоо жайы мындай. Бир нече жыл мурун сизге коңшу бөлмөгө жубайлар токтогон эле. Түндөсү ортолорунда ызы чуу чыгып, күйөсү аялын өлтүрүп койгон экен. Ошондон бери ал номерге эч кимди жайгаштырбайбыз. Ошого карабастан айрым конокторубуз кечкисин, бөлмөдө бирөө тынбай басып жүргөн кадамдардын үнүн угуп калышат.

- Ошондо сиз түндө мен көргөн аялды көрүмчү дегени турасызбы?

- Оба, ошондой. Анан дагы айта кетчү нерсе ал аял сейрек кездешүүчү оору менен ооручу экен. Ошондуктан анын териси аппак, ал эми көзү кыпкызыл өңдө болчу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт