Үй-бүлөсү бар адамды сүйөм
19 жаштамын. Үй-бүлөсү бар адамды сүйөм. Башында ал мага турмушка чыгуу сунушун киргизгенде баш тартып койгом. Башкага үйлөнгөн соң аны жакшы көрө баштадым. Ал дагы аялын эмес, мени жактыраарын айтып жүрөт. Бирок мен жакында башка жигитке турмушка чыгам. Бирок аны сүйбөйм. Эмне кылсам?
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, абалыңыз оор экен. Бирок мүмкүн, жаштыгыңыздан, кеңешчи эч кимиңиз жок болгондуктан өзүңүз баарын татаалдатып алгандырсыз. Келиңиз баарын карап чыгалы.
- Жигит үйлөнүү сунушун киргизгенде эмне себептен баш тарттыңыз эле? Бул абдан маанилүү. Мүмкүн олуттуу бир себеп болгондур, эстеп көрүңүз.
- Ал үйлөнгөндөн кийин аны жакшы көрүп калдым деп жатасыз. Бирок буга ызаа себепкер. Мындай боло берет.
3.Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эки тараптуу сезим бар экен, уланып жатыптыр. Эгерде ал сизди чындап сүйсө, анда аялы менен эчак эле ажырашып, сизге үйлөнмөк. Демек аны никесинде бир нерсе кармап турат. Көбүнчө эркектер, никесинен тышкары мамиле курууну каалашат. Сизде бүтпөгөн мамиле бар экен. Эгерде психологго кайрылып, кеңеш албасаңыз узакка созулуп, тынчыңызды ала бериши мүмкүн.
- Болочоктогу жолдошуңузду жакшы көрбөгөнүңүз, ага дагы, сизге дагы абдан өкүнүчтүү. Үй-бүлөлүк жашоо ар дайым сүйүүдөн башталып, келечектеги балдар сүйүүдөн төрөлүшү керек. Сүйбөсөңүз эмне себептен ал адамга турмушка чыгып жатасыз? Мурунку жигитиңизден өч алуу үчүнбү же келечектеги жолдошуңуздун жакшы сапаттары болгону үчүнбү? Баарын жакшылап ойлонуп чыгыңыз. Бир ката, чечилбеген суроо, кийинки катага алып барат.
Эч жакка шашпаңыз. Ар дайым тандоо бар. Сиз болгону 19 жашта экенсиз, бул курак чондордун жашоосуна аралашуу убагы болгондуктан сезимдерге гана эмес, акылга дагы карап тандоо жасоо керек.