Ушактан коркуп, келечектен баш тартамбы?
7-классытан баштап 9-класска чейин айыл жергесинде окуп келдим. Өзүм жакшынакай кыз болгондуктан, ал жерден мага болгон суктануулар, көз артуулар, ушак-айыңдар көп болду. Кудай менен өзүмдүн алдымда ак болсом болду деген ой менен, маани берген жокмун. Азыр ата-энем Турцияга кел, сулуулар конкурсуна катыштырабыз деп жатышат. Ал жактан ишим оңунан чыгып, иштеп кетсем “бул башынан эле бузулган кыз болчу да, ал жакта деле жыргап жүрбөсө керек” деген ушакты чыгарышабы деп корком. Эмне кылсам болот, мага кеңеш бериңиздерчи?
Каныша Кожогелдиева
психолог
Негизинен жеке суроого ар бир адам сын көз менен карап, өзүнүн абалына, акылына жараша чечүүгө аракет кылуусу керек. Көйгөй аябагандай олуттуу болгондо гана психологдон кеңеш сураса болот. Бул маселени чечүүдө сиз жакын адамыңыз болгон апаңыздан сурап кеңешкениңиз оң. Ата-эне эч качан баласына жамандык каалабайт жана терс жолго түртпөйт. Болгону ичиңиздеги ойду, айылдагы ушак-айыңды айтып, ачык сүйлөшүү жүргүзүп маселени энеңиз менен биргеликте чечиңиз.