Башкалар менен тил табышып сүйлөшүү оор
Азыркы учурда 3-курстун студентимин. Менин көйгөйүм башкалар менен тил табышып, достошуп сүйлөшө албайм. Жадакалса өз оюмду айткандан да тартынам. Группалаштарымдай болуп көп сүйлөп, күлө албайм. Өзүмө болгон ишенич жок, көп нерсени ичиме катам. Өзүмдү жалгыз сезип абдан кыйналам. Мындай адатты кантип токтотом, жошоомду канткенде кызыктуу кылам?
Каныша Кожогелдиева
психолог
Тартынчаактыктан арылууга кичинекей кеңеш: Кандай гана пикир алышуу болбосун бир сүйлөм менен болсо да ага аралашуу керек. Өзүңүзгө убада берип алыңыз “мен сөзсүз түрдө күндө бирден сөз сүйлөп, досторума, группалаштарыма аралашам” деп. Анан эрктүүлүк менен убадага туруңуз. Башында тартынасыз, сизди шылдыңдагандай сезилет, бирок ага маани бербеңиз. Сиз өзүңүз үчүн жашайсыз. Ар бир адамдын ичинде эрктүүлүк болот, болгону аны колдоно билүү абзел.