Мени коркутуп, көз боемочулукка айыптап жатышат
Мен 3-4 күн мурун интернеттен бет майга буйрутма берген элем. Бет майыңыз келди деп чалышканда, макул алайын дегем. Кийин туугандарыбыз каза болуп калып, акчамды ошол жакка иштетип алдым. Буйрутмамды ала албай калдым. Качан аласыңар деп чалганда, эмне деп айтышты билбей, уялганымдан албай койгом. Эми болсо мени коркутуп, көз боемочулукка айыптып кат жиберишиптир. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөр жөнүндөгү мыйзамынын 24-1 беренесинин негизинде керектөөчөлөр дистанциондук түрдө ( интернет, телефон) товарга буйрутма бере алат деп жазылган. Ушул эле берененин 3-пунктунда керектөөчү буйрутма берген товарын алганга чейин каалаган убагында, товарды алгандан 5 күн ичинде баш тарта алат деп көрсөтүлгөн. Сиз коркпой эле буйрутма берген адамга чалып товардан баш тартканыңызды айтып коюңуз. Сизге жиберген каттарында сизди көз боемочулукка айыптап жатышат. Бирок бул сизге тиешелүү эмес. Көз боемочулук деген бирөөнүн буюмун алдоо жолу менен, өзүнө алып алуу. Андыктан бул жерде сиздин күнөөңүз жок. Сатуучунун сизди минтип коркутуп жатканы дагы туура эмес. Сиз болгону телефон аркылуу жогорку беренелерге таянып баш тартып жаткандыгыңызды айтып коюңуз.