// //

Аймактык милициядан коркуп жатам

2018.03.30, 10:47
1135

Жолдошум менен ажырашканмын. Ортобузда 3 жашар балабыз бар. Балам менде. Учурда Алматыда ата-энемдин үйүндө турам жана ушул жерде базарда иштейм. Мени кыйнаган нерсе жолдошум Алматыга бизди аңдып келип менин тынчымды алып, анысы аз келгенсип иштебей жүрөт. Чогуу жашаганга аракет кылат. Бирок мен аны менен жашаганды каалабайм. Балам Алматадан бала бакчага барат. Ошол жерден баламды уруксатсыз алып кетип калат. Полиция аралашып көрдү, жыйынтык чыккан жок. Мен мыйзамдуу түрдө тынч, эрте кантип ажыраша алам? Алимент төлөөсүн талап кылам. Ошондой эле мени кыйнаган нерсе колубуз жетиштүү Бишкекте жана Алматыда турак-жай бар. Бирок ата-энем ичет. Алардын ичкендигинин айынан Алматадан полицияга көп барабыз. Биз КР жараны болгонубузга байланыштуу биздин укугубуз аз, ошондуктан акча аркылуу кутулабыз. Эми болсо бизди караган аймактык милициядан менде коркуу сезим жаралып жатат. Ал мага ар шылтоо таап чалып, аны менен жаман ишке баруумду кыйытып сүйлөйт. Эгер сиз түщүнсөңүз бир күн болбосо бир күн оозунан ошондой сөз чыкса мен кандай кылам? Ал адамдан кантип кутулам?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.03.2018, 10:48

Нурислам Раимжанов

Юрист

Ажырашуу боюнча айтып өтсөм. Ортоңордо бала бар экен. Андыктан сиз никени бузуу туралуу доо арызы менен сотко кайрыласыз. Арыздын негизинде сот тараптарды чакырып, ажырашуу себептерин тактайт. Эгерде күйөңүз макул болбой, мен жарашам деп туруп алса, сот ага 3 айлык мөөнөт берет. Бул убакыт ичинде ал жараша албаса, сот никени бузуу жөнүндө чечим кабыл алат. Алимент өндүрүү маселесинде сиз ажыраша элек болсоңуз дагы сотко кайрыла аласыз. Экинчиден сиз “ата-энем ичкендигине байланыштуу Алматыдан полицияга көп кайрылабыз, укуктарыбыз аз” деп жатасыз. Бул жаңылыштык. Казакстан Республикасынын Конститутциясынын 14 беренесинде бардык жарандардын укуктары мыйзам алдында бир деп көрсөтүлгөн. Сиздер бул беренеге таянып, өз укугуңузду коргой аласыздар. Чет жакта жүргөндүгүңөргө байлыныштуу ата-энеңизге ичпегиле деп жакшылап түшүндүрүп айтыңыз. Мүмкүн болбосо Бишкекте турак-жайыбыз бар деп жатасыз, ошол жакка же туугандарыңызга жибериңиз. Аймактык полиция кызматкеринин аракетин туура эмес деп көрсөңүз прокуратурага кайрылыңыз. Полиция кызматкеринин мындай аракети этикага жана мыйзамга туура келбейт. Сиз эч коркпостон эле прокуратурага барыңыз же чала албай кала тургандай кылып номериңизди өзгөртүп салыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт