Жактырган кызым мага маани бербейт
Мен бир кызды жактырам, бирок ал мага маани бербейт. Эмне кылсам болот?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Кызга түз эле “мен сени сүйөм же мен сени жакшы көрөм” деп айтпай башка сөздөр же мамиле менен билдирсе болот, анткени бул сөзгө кыз да даяр болбой сиз күткөндөй жооп бербеши мүмкүн.
Далилдөө үчүн өзүңдүн эркектик сапаттарыңды көргөзүп, кызды үйүнө чейин узатып, ыңгайы келсе анын сумкасын көтөрүп, башка тийишкен балдардан коруп, албетте мушташуу жолу менен эмес, ошентип ал кызга сен өзгөчө мамиле кылып жатканыңды билдиресиң. Биринчиден, ага кам көр, кыздардын көбү бул нерсени жактырышат, экинчиден, ал кыз менен сүйлөшүү учурунда ага жаккан темаларды козгоп, ички дүйнөсүн билгенге аракет кылып, анын ойлору, максаты кандай экенин бил. Үчүнчүдөн, чогуу сейилдөөгө чакырсаң болот, ага өзгөчө бир нерселерди үйрөткөнгө, көргөзгөнгө аракет жасап. Мисалы: велосипед , роллик, лыжа, коньки тепкенди үйрөтүп же зоопаркка алып барып, себиби көп учурда чогуу болгондо эки адам бири-бирине жакындашат. Анда-санда кичинекей белектерди берип турсаң болот, мисалга жөнөкөй эле талаада өскөн гүлдөн кичинекей букет кылып тартуулап, мындай мамиледен улам ал кыз сенин өзүнө болгон сезимиң бар экенин түшүнөт. Жогорудагы сунуштарды аткарып анан жакшы көрөрүңдү нейтралдуу формада билдир, мисалы:“сен мага жагасың, сени менен мага убакыт өткөргөн кызыктуу, сени көпкө көрбөй калсам бир нерсени жоготкондой болом, улам-улам эсиме келип турасың” деп. Анан албетте кыз тарапта сага болгон сезим ойгонсо, жакшы жооп аласың.