Үйлөнгөндөн кийин жолдошум 100% га өзгөрдү
Жолдошум менен 1 жыл сүйлөшүп баш кошком, үйлөнгөнүбүзгө 2 ай болду. Турмуш кургандан кийин 100% га өзгөрдү, мени менен кеңешпейт, кайда кеткенин айтпайт, кызганчаак анан да менин ар бир кылганымды кайын энеме айтып турат. Апам болсо мени өзүнө окшоштуруп абдан жакшы көрөт. Чыда, мурунку аялы менен ажырашкандан кийин ушундай болуп калган, андан көрө өзүң тарбиялап ал дейт. Бирок 30 дан ашкан кишини, 3 баласы бар атаны кантип тарбиялап алам? Мурун жолдошума боорум ооруп жүрсөм, азыр кайын энемди кыя албайм. Мага чечим чыгарганга жана туура жашоону тандаганга кеңеш бериңиздерчи?
Каныша Кожогелдиева
психолог
Сиздин жазган катыңыз аркылуу жыйынтык чыгарып кеңеш берүү оор. Кошумча суроолорго жооп алып, үйдөгү кырдаал же ортодогу мамиле жөнүндө кенен угуп гана кеңеш сунуштоо туура болот. Мындан сырткары үй-бүлөлүк маселе бир жолку кеңеш алуу менен гана чечилип калбайт. Эгер сиз жарыңызды чындап сүйүп, үй-бүлөлүк очокту сактап калууну кааласаңыз жолдошуңуз менен биргеликте психологго кайрылып кеңеш алганыңыз туура болот.