Жолдошумдун эмгектерин уурдап алды
Жолдошум 2017-жылы жеке жумуш ачкан. Жарнама жана буйрутма тапканга жардам берүү үчүн жолдошум менен бирге маркетолог болуп бир байке иштеген. Бир аз убакыттан кийин ал адам бизден кетип, өзү чакан ишкана ачты. Эми болсо социалдык тармактарда, жолдошум жасаган жумуштарды уруксатсыз колдонуп жүрөт. Эскертүү берсек дагы эч болбоду. Ортобузда келишим жок. Андыктан ал адамга кандай чара көрсөк болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Биринчиден, колуңуздарда сиз айткан адам социалдык тармактарда колдонуп жүргөн жумуштар жолдошуңуздун эмгектери деген далилдер болушу керек. Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинде “Интеллектуалдык менчик” деген түшүнүк бар. Интеллектуалдык менчикке кызмат көрсөтүү, адабият сыяктуу нерселер кирет. Жолдошуңуз ишмердигин өзүнө инттеллектуалдык менчик деп тааныганбы? Эгерде тааныбаган болсо, таануу керек болот. Ал үчүн жумуштарын менчиктештирүү үчүн Кыргыз патенттен патент алышы зарыл. Ошол учурда гана сиз айтып жаткан адамга уруксатсыз колдонбоого талап кое алат. Бул нерсе жарандык кодекстин 32-беренесинин Интеллектуалдык ишмердиктин корголуучу натыйжалары бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Эгерде сиздердин айтканга макул болбой өз кызыкчылыгына пайдалана берсе, анда сиздер сотко кайрылып, патентти көрсөтүп, мүлккө зыян келтиргендиги боюнча ал адамдан чыгаша өндүрүп алсаңыздар болот. Колуңуздарда жолдошуңуз жасаган эмгектер сиздерге таандык экендигин көрсөткөн патент сыяктуу далилдер жок болсо, эч кандай чара көрө албайсыздар.