Ата-энем акча үчүн көп урушат
18 жаштамын. Үй-бүлөбүздө акча жактан кыйынчылык болгондуктан ата-энем ортосунда көп уруш болот. Мен албетте тынч олтура албайм. Бирок аларга эмне деп айтаарымды билбей жатам. Эмне кылсам болот?
Кундуз Оморова
Психолог
Ата-энеңизге жан тартып, кабатыр болуп жаткан болсоңуз абдан жакшы. Ооба, каржы маселесинен улам үй-бүлөдө көйгөйлөр жаралат. Сиз мындай көрүнүштөр көп эле үй-бүлөлөрдө болоорун түшүнүп, өтө эле оор кабыл ала бербеңиз. Мындай учурлар бир убакта келет, кайра белгилүү бир убакта өтүп кетет. Өмүр бою калып калбайт. Сиз бул нерсени түшүнүңүз. Үй-бүлөңүздөр азыркы тапта кыйынчылыкта турса, эртең оңолот. Бизде эле болуп жатат деп эч ойлобоңуз. Мындай көйгөй ар бир үй-бүлөнүн башына түшөт.