Жигитимди эжем жактырбайт
Мен өзүмдөн 4 жаш улуу баланы жакшы көрөм. Ал экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз. Мамилебиз тууралуу эжем билет. Анан эжем сүйлөшпө, ташта деп жатат. Эмне кылсам болот? Таштап кетсемби же сүйүүм үчүн күрөшсөмбү?
Кундуз Оморова
Психолог
Эгер өзүңүзгө ишенип, чын дилиңизден жактырсаңыз, сүйлөшө берсеңиз болот. Эгерде эжеңиз белгилүү бир далилдер менен айтып, жигитиңиздин туура эмес иш кылып жүргөндөрүн көрсөтсө бир ойлонуп көрүңүз. Кандай болгон күндө дагы чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Ар бир адамдын өз жашоосу бар экенин унутпаңыз. Ошондой эле сизден бир топ жаш улуу жигиттин ой-жүгүртүүсү башкача болоорун билиңиз. Эгерде жигит сизге чын жүрөгүнөн мамиле кылса, жүрүм-туруму жакшы адам болсо анда жакшы. Эжеңизди туура түшүнүңүз, ал деле сизге кабатыр болуп жатат. Жан тартып жатканын жүйөлүү себептери болсо жакшы. Жөн эле кабатырлануунун деле кереги жок. Баары өз колуңузда.