// //

Классташтарым мени басынтат

2018.03.27, 14:55
3268

 

Классташтарым менен мамилем жакшы эмес. Жооштугумдан мени көп басынтышат. Сөз сүйлөсөм эле “сен чоңоё элексиң” деп коюшат. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.03.2018, 14:57

Кундуз Оморова

Балдар психологу

 

Ар бир баланын жөндөмү болот. Ошол жөндөмдү ачып, эл алдына алып чыгуу керек. Ошондо өзүңүздө бир ишеним пайда болот. Сиздин айткандарыңыз боюнча сиз өз күчүңүзгө ишенбей жатасыз. Мүмкүн сизде өзгөчө бир талант бардыр? Жакшылап ойлонуңуз. Сиздин абалда классташтарыңыз менен кошулуп кетүүңүз үчүн сөзсүз түрдө мугалимиңиздин, ата-энеңиздин жардамы керек. Бул жерде үйдөн алган тарбия дагы маанилүү. Ата-эне балдар өспүрүм куракка келип, чоңоюп калса деле ашыкча камкордук көрүп, жандарынан чыгарбай коюшат. Өспүрүм куракта балдар чоңойгусу келет, досторун биринчи орунга кое баштайт. Андыктан ата-энелер балага ар тараптан мүмкүнчүлүк бериши керек. Эгерде ата-эне бул шарттарды түзүп бербесе, бала өзү теңдүү достору менен баарлаша албай, алардын темасынан четтеп, артта калып калат. Мугалим кандай жардам бере алат дегенде, мисалы сизди кемсинтип жатышат, мугалим болсо бир жөндөмүңүздү балдардын алдына ачып, жакшы сөздөрдү айтып, сапаттарыңызды баалап мактап койсо балдардын сизге болгон көз карашы өзгөрөт. Өз күчүңүзгө ишениңиз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт