16 жаштамын, "Р" тамгасына тилим келбейт
16 жаштамын, “Р” тамгасына тилим келбейт. Өмүр бою келбей калабы деп корком. Чоңойгон сайын чулдурап сүйлөгөндөн уялып калдым. Операция болобу же дары ичишим керекпи?
Динара Токсонбаева
Логопед
Сиздин көйгөйүңүзгө эч кандай операциянын жана дары-дармектин кереги жок. Ар бир адамдын организими индивидуалдуу. Ошол себептүү тил дагы ар кандай болот: пассивдүү, жалкоо жана чыйрак. “Р” тамгасына тил ар кайсы мөөнөттө келет. 10 күндөн баштап, бир ай же болосо жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Эгерде сиздин тилиңиз “Р” тамгасына көптөн бери келбей жатса, анда создуктурбастан тезирээк логопедке кайрылыңыз. Атайын методикалардын, көнүгүүлөрдүн жардамы менен тилиңизди оңдоп аласыз. Эгерде айыгам деп максат коюп, күн сайын ага жетүүгө аракет кылсаңыз, жыйынтыгы көп күттүрбөйт. Болгону жол көрсөтүп туруучу логопед керек болот.