"Гепатит В" оорусу аллергия кылабы?
2018.03.26, 16:57
2456
Мен 22 жаштамын, акыркы 3 жылдан бери аллергия болуп жатам. Денем кычышат тырмасам кызарып чыгат, дарыгерлер айткан таблеткаларды ичип көрдүм пайдасы болгон жок. Өзүм 4 жылдан бери “гепатит В” менен ооруйм, дарыланып жатам, бул да аллергия пайда кылышы мүмкүнбү? Эмне кылсам аллергия жок болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2018, 16:58
Гүлсана Бапаева
терапевт
Сиздин бооруңуз ооруганы үчүн аллергия болуп жатасыз. Боор организимдеги зыяндуу заттардын баарын жок кылып берет, бирок сиздин бооруңуз жабыркап тургандыктан бул нерсеге күчү жетпей, зыяндуу заттардын баары териге чыгып жатат. Андыктан дарыгердин көзөмөлүндө болуу кажет.
0
Пайдалуу жооп