// //

Жүрөгүмдү өйүгөнү никемдин так эместиги

2018.03.26, 14:52
1676

Сүйлөшүп жүргөн жигитимдин үй-бүлөлү экенин билбей, кумарга батып койгом. Кийин камалып кетип, ошол жактан нике кыйдырганбыз. Жигитиме карындашы, мага досу күбө болгон. Нике кыйылгандан кийин интимдик катнашка барган да жокпуз, көрүшпөдүк дагы. Азыркы учурда башка балага турмушка чыгып, бактылуу жашап жатам. Жүрөгүмдү өйүгөнү никем так эместигинде. Менин никем кимисинде?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2018, 14:55

Улан Усупов

теолог

Талак менен байланыштуу маселеде Учкун мечитинин имамы, аалым Молдо Сабыр устазга, же болбосо азирети муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев устазга, же Чубак ажы Жалиловго жолугуп, фатва, башкача айтканда бул маселе боюнча диний өкүм кандай болорун сурап билип алсаңыздар жана аны аткарсаңыздар жакшы болот. Талак маселесинде аалым менен бетме-бет жолугушуп, окуяны төкпөй-чачпай ага айтып берип, берген суроолоруна жооп беришиңиздер зарыл. Ошондо гана бул маселенин тактыгын биле аласыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт