Түнкү маек тууралуу
Түнкүсүн сүйлөнүү адамдын өзүнө бир топ психологиялык ыңгайсыздык жаратат, анысы аз келгенсип айланасындагы уктап жаткан адамдарга дагы тоскоолдук кылат. Мына ушул түнкү маектин себептери жана алдын алуу жолдору тууралуу терапевт Гүлсана Бапаева айтып берет.
Сомнилоквия – бул адамдын уктап жаткан учурда эч нерсени сезбей сүйлөнүүсү, толук кандуу уйкунун бузулушу. Медициналык көйгөй деп айтса дагы болот. Сүйлөнүү учуру диалог же монолог түрүндө жүрөт. Кыйкырык, ызы-чуу, ый коштошу толук мүмкүн. Эпизод 30 секундга чейин созулат, бирок бир түндө бир нече ирээт кайталынышы толук ыктымал. Түндө сүйлөнгөнүн эртең менен албетте билбей калат.
Ким түнкүсүн сүйлөнөт?
Түнкүсүн маек кургандар бул тууралуу бир бөлмөдө жанында жаткандардан, жолдошу же жубайынын билишет. Алардын уйкусуна тоскоол болгонун айтып арызданышат, же түндөгү айткан күлкүлүү сөздөрүн айтып шылдыңдашат. Мындай реакциялар адамда коркунучту пайда кылат. Алар тааныштар менен бирге уктоодон, башка бирөөнүн үйүнө түнөп калуудан коркуп өздөрун ыңгайсыз сезишет. Көпчүлүк учурда уктап жаткан адамдардын сүйлөнүүсүнүн себеби түнкү коркунучтар жана тамактануунун бузулушу (уктаардын алдында ашыкча тамактануу).
Сүйлөнүү кайсы учурларда болот?
Түндүн баардык учурунда жана уйкунун баардык этабында болот. Уйку учурундагы сүйлөнүү порадоксалдуу өтө так, түшүнүктүү жана сүйлөмдүн байланышы болот. Сөгүнүү, урушуу, кыйкыруу болушу толук ыктымал.
Түнкүсүн сүйлөнүүнүн себептери:
- Тукум куучулук. Эгер ата-энеси түнкүсүн сүйлөнсө анда балдары дагы сүйлөнөт, көпчүлүк учурда эркектерге өтөт;
- Түнкү коркунучтар, апноэ, сомнабулизм, энурез жана уктоо алдындагы ашыкча тамактануу;
- Уйкунун бузулушу;
- Наркотик жана алкоголь;
- Бөлмөдөгү жогорку температура, ысытма, алсыроо;
- Аш кылууга оорчулук жараткан азыктар менен тамактануу;
- Стресс, депрессия;
- Психоэмоционалдык жана физикалык күч келүүлөр;
- Баштагы жаракат;
- Нервдик системанын иштешиндеги бузлуулар;
- Мээдеги оорулар;
Түнкү маекти кантип токтотсо болот?
Түнкүсүн сүйлөнүү сизди кыжалат кылып тынчыңызды алса, өз алдынча сүйлөнүүнү азайтыңыз.
- Уйкуну туруктуу кылуу жана толук кандуу уктоо;
- Уктоо гигиенасын сактоо;
Төмөнкүлөрдөн алыс болуу:
- Түнкүсүн тамеки чегүүдөн жана алкоголь ичүүдөн;
- Курамында кофеин бар суусундуктардан күндүн экинчи жарымынан баштап алыс болуу;
- Уктоо алдындагы ашыкча тоюп алуудан;
- Чеги жок сары сана жана стресс болуудан;
- Уйку алдында жаңы маалыматтарды көп окуудан жана андан кабардар болуудан;
- Эмоцияны ойгото турган кино же берүүлөрдү көрүүдөн;