// //

Канткенде адамдар менен тил табышып сүйлөшө алам?

2018.03.23, 13:33
2225

Жашым 21 де, өзүм көп сүйлөбөгөн баламын. Адамдар менен пикир алышуу жагат, бирок алар мени менен сүйлөшкүсү келбегендей сезилет. Кээ бир учурларда ички дүйнөм жалгыз болуп тажайм. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2018, 13:35

Гүлмира Молдокулова

психолог

Ар бир адамдагы сүйлөшүү муктаждыгы сизде дагы бар. Сиз каалайсыз “мени жанымдагы кишилер мени укса, менин оюум бирөөгө кызык болсо” деп. Бирок баардыгы сиз ойлогондой чыкпай калса өзүңүздү аралда калган жалгыз, жардамсыз адамдай сезесиз. Сизде “баары мени менен сүйлөшкүсү келбейт” деген ой болсо, бул мындай эмес. Көп сүйлөбөгөндүк бул жаман көрүнүш жана көйгөй эмес. Бул болгону сиздин калыптанып калган мүнөзүңүз.

“Өзүм көп сүйлөбөйм, бирок адамдар менен пикир алышуу жагат” деп жазып жатканыңызга караганда сиз “Мен унчукпай олтура берем, силер сүйлөшө берегиле” деген мамиле кылгандайсыз.

Эгер сиз болуп жаткан сүйлөшүүдө башыңарды ийкеп, анда-санда күлүп, олтурсаңыз анда сүйлөшүүгө сиз дагы кошулган болосуз. Сиз бул мимикалардын бирин дагы аткарбай, мостоюп эле олтуруп алган жоксуз да туурабы?

Жеткиликтүү пикир алышуу үчүн эмне кылуу керек?

Ал үчүн сүйлөп берип жаткан адамга кызыктар болуу кажет. Тек гана сүйлөп жаткан сөзүнө, айтып жаткан окуясына же жаңылыктарына маани бербей, ал адамдын сүйлөө эрежесине, эмоциясына, кылып жаткан мимикаларына маани берүү керек. Мындай эрежелерди эсиңизге тутуп, аткарсаңыз адамга жакындыгыңыз билинип, сүйлөшүү сиз каалагандай болот. Бир гана ак ниеттүү кызыкчылык жана аракет сиздин көйгөйгө ачкыч болуп бере алат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт