Тесттен упайыбыз аз болуп калса аттестат берилбейби?
2018.03.23, 13:15
1725
Биздин мугалимдерибиз 8-10 класстарга аккредитация тест жүргүзүлөөрүн, эгер ал тесттен упайыбыз аз болуп калса, мектептен күбөлүк, аттестат албай калаарыбызды айтышты. Бул чынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2018, 13:16
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Сиздин сурооңузга маалымат туура эмес деп жооп беребиз. 8-10 класстардын билимин баалоо Улуттук тестирлөө борбору (НЦТ) тарабынан окутуу программасында көрсөтүлгөн билим берүү программасын канчалык деңгээлде кабыл алгандыгын тастыктоо максатында гана жүргүзүлөт. Эч кандай аттестат бербей коюу талабы көрсөтүлгөн эмес. Ал эми 9-11 класстар милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу аттестациядан өтүшөт.
0
Пайдалуу жооп