Инимдин башы өтө жагымсыз жыттанат
2018.03.22, 14:42
1355
Иним башын күндө жууса дагы, башы аябай жагымсыз жыттанат. Башында болсо какач жок. Жашы болсо 17де. Эмне себептен мындай, кантип кетирсе болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2018, 14:43
Надира Бейшеева
трихолог
Бул гормондук өзгөрүүлөрдөн болуп жаткан көрүнүш. Анткени бул жаш куракта эркек балдарда тестостерон гормону көбөйүп, жагымсыз, ачуу, кычкыл жыт берет. Сиздин иниңиздин организиминде өзгөрүүлөр болуп жаткан үчүн, тестостерон гормону жогорку өлчөмдө. Бул гормондун көлөмү адамдын маанайына, физикалык активдүүлүгүнө, күнүмдүк жашоосуна жана тамактануусуна жараша өзгөрөт. Жогорудагы нерселер нормада болсо гормондор калыбына келиши мүмкүн. Дарыгер-трихологго текшерилип дарылануудан өтүп койсоңуздар ашыктык кылбайт.
0
Пайдалуу жооп