Авто кырсыктан улам бетимде шрам бар
2018.03.22, 14:17
1221
Жашым 22 де, болжол менен 10 жыл мурун авто кырсыкка кабылып бетимде тырык калган. Кыз бала болгондуктан бул нерседен аябай уялам. Бир жыл мурун “лазердик жылмалоо” кылдыргам, бирок пайдасын көрсөтпөдү. Тактан (шрам) арылуунун башка жолдору барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2018, 14:18
Надира Бейшеева
косметолог
Сиздин бетиңиздеги тырыкты “келоид тагы” деп атап коет. Мындай такты мурунку калыбындай кылып кетирип коюууга мүмкүн эмес. Бирок көлөмүн азайтып, кичине агартып, бир караган адамга билинбегендей кылып кетирип коюууга мүкүн. Бирок бир нече этаптуу дарылоо керектелет. Ал үчун дермабразия, лазердик жылмалоо сунушталат. Бир жолку аракет менен чектелип калбастан дагы аракет жасап көрүңүз.
0
Пайдалуу жооп