Себепсиз акча төлөгүм келген жок
Мен биринчи курсту бүткөм. 2 курста сабакка көп келбегеним үчүн окуудан четтетилгем. Кайра бир жылдан кийин окуумду калыбына келтиргем. Азыр 3-курсмун. Контракт тактаганы барсам 4000 миң сом карызы бар деп чыгып калды. Эмнеге деп сурасам окуу жай админстрациясы сен 2 курста ноябрга чейин окуп анан окуудан четтетилгенсиң дешти. Алар ошол убакка чейин окуду деген буйрутма чыгарышып, 4000 миң сом карыз кылып коюшуптур. Мен жөн жерден акча төлөгүм келген жок. Мени 2-курста ноябрга чейин окуду деп жатышат, бирок мен такыр окууга барган эмесмин. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Сизди туура түшүнгөн болсом, сиз 1- курсту аяктагандан кийин, 2-курста такыр окууга барган эмессиз жана бүгүнкү күндө сиз 3-курста окуп жатасыз? Сурооңузга жооп берүүдөн мурун “Жүйөөсүз себептер менен системалуу түрдө окуу сабактарын калтырган, адистик алгысы келбеген, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдын ички тартип эрежелерин бузган окуучулар, аларга карата баардык коомдук жана тартиптик чаралар колдонулгандан кийин, педагогикалык кеңештин чечими менен баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдан чыгарылат” мына ушуну эскертип өтөйүн. Ал эми сиздин 2-курста такыр окууга барган эместигиңизди эске алсак, сизди 3-курска кайра окууга калбына келтирүү туура эмес болгон деп эсептеймин. Окуу жай сизди 2-курстун ноябрь айына чейин окууга келген, ал эми калган айлар жүйөөлүү себептерден улам келбей калган деген негиз менен кайрадан калбына келтиришкен. Ошондуктан 4000 миң сом төлөөнү талап кылып жатышат деп эсептейм. Мындай учурда сиз 4000 миң сомду төлөп бересиз. Эгерде иш мен ойлогондой сиз 3-курска эмес 2-курска окууга калбына келтирилип, 2-курсту бүтүрүп бүгүнкү күндө 3-курста окуп жүргөн учурда бул суроо жаралган болсо, анда окуу үчүн төлөгөн акылардын дүмүрчөктөрүн (квитанция) контракт төлөнүүчү жайга алып барып карызыңыз жок экендигин көрсөтүңүз.