Балам бат-баттан чоочуй берет
Төрт айлык балам бар, бат-баттан чоочуй берет. Себеби эмнеде?
Ирина Петровна
Балдар неврологу
Баардык кичинекей балдар чочуйт. Чочубаган бир дагы бала жок. Бул табигый рефлекс. Болгону сизге себептери билинбей калышы мүмкүн. Алсак, ичи курулдаса, сырттан катуу ызы-чуу укса, чымын-чиркейлер денесине конуп алса, жарык түшсө денеси жооп ирээтинде чочуу рефлексин көрсөтөт. Бул сырткы факторлор дейли. Ички факторго токтолсок, баланын жашоосунун биринчи жылдарында нерв системасынын физиологиялык чыйралышы жогору жана жооп ирээтиндеги аракеттери функционалдык жактан жакшы жетишпеген болот. Ошол себептен алар белгилүү бир таасирлерден улам чочуп кетишет. Ал эми энелер мунун нормалдуу экенин билбей көп учурда өздөрүн коркууга алдарышат. Бала чоңойгон сайын нерв системасы толук өөрчүп баары калыбына келет. Сиз болсо бир ирээт неврологго же педиатрга сөзсүз түрдө кайрылып, балаңызды текшертип коюңуз.