Апамдын арагын кантип токтотом? Кеңеш бериңиздерчи
Он жылдан бери апам ичет. Эки бир тууганмын, эжем турмушка чыккан. Апамдын ичкичтигинен эжем колундагы эки баласы менен ажырашып кетти. Турмушубуз өтө начар абалда. Баарына кол шилтеп басып кетейин дейм, бирок жалгыз эжемди ойлойм, ал мага ишенет. Апама кантип чара колдонсок болот?
Алина Сейдалиева
психолог
Сиз мактоого татыктуу чыныгы жигит экенсиз. Анткени болуп жаткан кыйынчылыкта апаңыз менен эжеңизди таштап басып кетүү оюунан кайтыпсыз. Апаңыз ичип жатса да, ал баары бир сиздин апаңыз. Сыйлап, жанында болуп бул абалдан чыгууга жардам беришиңиз керек. Мисалы, арактан алысыраак алып же апаңызга сөзү өтө турган туугандардан жардам сурайттырсыз. Мындан тышкары соо кезинде ачык айтып, аракты токтотуусун өтүнүңүз.