Орус кызын жактырам
Мен үйдүн кичүүсүмүн. Орус кыз менен сүйлөшөм. Ата-энем, бир туугандарым каршы. Сүйлөшпөй коеюн десем бири-бирибизди сүйөбүз. Мен ал кызга сага үйлөнсөм, ислам динин кабыл аласың десем, ата-энесинин каршы болгонуна карабастан макул болгон. Эгерде турмуш курсак өтөм деди. Мен мусулман болуп туруп, орус кызына үйлөнсөм кандай болот? Шариятка туура келеби? Ата-энемди кантип көндүрсөм болот?
Кадыр Маликов
теолог
Мусулман жигиттерге мусулман, иудей, христиан дин өкүлдөрүнүн кыздарына үйлөнүүгө уруксат берилген. Эң негизгиси сиздин сүйлөшкөн кызыңыз, ислам динин кабыл алууга макул болуптур. Исламда улут деп бөлгөн түшүнүк жок. Динге ишенген же ишенбеген адам деп гана бөлүнөт. Андыктан шарыят боюнча сизге ата-энеңиздин каршы болгонуна карабастан үйлөнүүгө уруксат берилет. Ооба, ата-эненин макулдугу болсо жакшы болоор эле. Бирок сиз сүйлөшкөн кызыңызды түбөлүк жар кылууга тандасаңыз, ага үйлөнүүгө укугуңуз бар. Бул шарыятта айтылган. Ата-энеңизге жакшылап түшүндүрүп айтыңыз. Алардын батасын, ыраазычылыгын алганга аракет жасап көрүңүз.