Унаамды кантип кайрадан каттатсам болот?
2018.03.20, 15:01
998
Унаам Бишкекте катталган. Аны каттоодон чыгарып, өзүмө Таласка каттатайын дегем. Унаамды кантип кайрадан каттатсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2018, 16:15
Мамлекеттик каттоо кызматы
Унааңызды кайрадан каттатуу үчүн, өзүңүз катталган жериңиздин Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук экзаменациондук бөлүмүнө кайрыласыз. Керектүү документтер:
- Техникалык көзөмөлдөө документи
- Алып-сатуу келишими
- Сатуучунун жана алуучунун паспорту
- Төлөм квитанциясы
- Техпаспортко жана мамлекетик номерге төлөгөн квитанция
- 689 сом төлөөйсүз
Төлөмдөр, кызмат көрсөткөн мекеменин кассасынан гана жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү- ошол күнү бүтүрүп берилет. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгында техникалык паспорт, мамлекеттик номер, техникалык көзөмөлдөөнүн талону берилет.
0
Пайдалуу жооп