Ачык, шайыр мүнөзүм жакпайт
Мага жакпаган, мени көп ойлонткон бул - менин мүнөзүм. Элдер "тартынчаак, уялчаакмын, көп сүйлөбөйм" деп даттанышса, мен тескерисинче адамдар менен бат тил табышып сүйлөшүп кетем. Бирок мындай болуу дагы ар дайым пайдасын көргөзө бербейт экен. Өзүмдү бир нече ирээт көзөмөл кылсам да, баары бир ачыкмын, болгонун болгондой айтып салам. Бул адатты кантип токтотсом болот?
Алина Сейдалиева
психолог
Биринчиден сиз өзүңүзгө “Бул адаттан арылгандан кийин кандай абалга дуушар болом?”-деген суроо берип көрүңүз.
Негизинен ар бир адам өзгөчө жаралган жеке уникалдуу индивид. Андыктан өзүнө тиешелүү жана ылайыктуу гана мүнөзү болот. Сиз “Мен ар бир адамга жагышым керек, башкалар каалагандай болом” деп милдет алган эмессиз жана милдеттүү дагы эмессиз. Позитивдүү мүнөз сизге жагып, башкалардын оюу менен гана бул нерсени өзгөртүүнү кааласаңыз анда туура эмес кылып жатасыз. Сиз өзүңүздү эмес, бөтөн адамдардын көз карашын алмаштырганга аракет кылууңуз керек. Башканын оюун көңүлгө албай, өз оюуңузду бийик коюп жашоого үйрөнүңүз.