Апамды сары сана кылгым келбейт
2018.03.19, 11:49
1288
Менин башым, бөйрөгүм, ашказаным ооруйт жана хондросум да бар. Апам Москвада эмгектенгендиктен сарысана болбосун деп мунун баарын айтпайм. Атам менен турам мени менен иши жок, көп урушабыз, мээмди жей берет, түшүнүгү жок адам. Жашым болсо 18 де, көп деле эки жакка чыкпайм, үй иштери менен алекмин. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2018, 11:51
Алина Сейдалиева
психолог
Мындай учурда апаңызга айтканга туура келет, анткени апаңыз сиз үчүн, сизди эч нерседен кем кылбай багам деп чоочун жерде эмгектенип жүрөт да. Сиз болсо ооруңузду, начар абалыңызды жашырып жүрүп дартка чалдыгып, апаңызды кыйнайсыз. Андыктан эртерээк айтып дарыгерге текшерилишиңиз керек.
0
Пайдалуу жооп