// //

Кабырчыктуу чакалайдан кантип арылса болот?

2018.03.18, 22:12
4154

Кабырчыктуу чакалайдан (псориаз) кантип айыкса болот?Дарыгердин  жазган дарысы бир аз жок кылып,  бирок кайра эле пайда  болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2018, 12:29

Мээрим Давлетова

дермотолог

Кабырчыктуу чакалай (псориаз) — териде көп жолугуучу жугуштуу эмес оору. Бул оорунун себеби толук аныктала элек.Оорунун өнүгүшүнө нерв жана эндокрин системаларынын, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Ал тукум куума оору. Көп учурда бир туугандар ооруйт. Бул оорунун башталышында (кайсы гана жашта болбосун) териде, көбүнчө чыканакта, тизеде кызгылт же кызыл түстөгү бөлөк-бөлөк майда тактар пайда болот, ал ак кабырчыктар менен капталып оңой ажырайт, бул кабырчыктар сыйрылганда теринин үстү кызгылтым тартып, жылтырап канталап калат. Тактар бири-бирине кошулуп, акырындык менен чоңоёт.Оору күчөп турган мезгилде дене ысыйт, бездер чоңоюп, муундар жабыркайт. Тырмактардын өңү өчүп, калыңдайт, анда чекиттей чуңкурчалар пайда болот. Нерв-психикалык травмада, диета бузулганда, ар кандай оорудан организм начарлаганда мезгили менен жаңырып күчөп турат. Жай мезгилинде жакшы болуп кетет.Ооруну дарылоо дарыгердин көзөмөлүндө ооруканада жүргүзүлөт. Мал майын, углеводду (кант, картошка, ак нан) аз пайдалануу, сүт жашылча диетасы сунуш кылынат. Оорулуунун жылуу климатта, деңиз жээгинде болушу пайдалуу, анткени күнгө кактанып деңизге түшүү, жер которуп эс алуу жакшы таасирин тийгизет. Бирок климаттык дарылоо дарыгердин консультациясынан кийин гана жүргүзүлөт. Мындай оорулуулар диспансердик байкоо алдында болууга тийиш. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо бизге кайрылыңыз, сизге жардам берүүгө даярмын.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт